Айыл чарба продукцияларын экспорттоого уруксат берилбей жатат  

Кыргызстандан  айыл-чарба продукциялары Кытай менен Орусияга экспорттолбой жатканына Жогорку Кеңештин жепутаты Зайнидин Жамалдинов нааразылыгын билдирди.

“Айыл чарба министрлиги канча убакыттан бери Кытай, Орусия башка коңшу мамлекеттери менен эт продукциясын, жер-жемиштерди экспорттого сүйлөшүп жатасыңар. Бирок дагы деле жыйынтыгы чыга элек. Фитосанитардык лаборатория курсак эле экспорттойбуз дедиңер. Бирок аларды курган менен деле уруксат ала албай жатасыңар. Анда лабораториянын эмне кереги бар? Уруксат алууну тездетишиңер керек”, – деди Жамалдинов.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев чындыгында эле Кытай менен Орусияга айыл чарба продукцияларын эскпорттоого уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, бирок жыйынтыгы боло электигин билдирди.

  • Бүгүн Жогорку Кеңеште Кытай грантынан келген 19 млн долларга фитосанитардык лаборатория куруу үчүн Сокулук районундагы үч гектар жердин багытын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика