Башкы прокуратура: кирешесин жашырган жетекчилер жоопкерчиликке тартылат. Тизме

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапшырган Бирдиктүү декларациясын текшерди.

Прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, башкы көзөмөл орган мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын негизинде текшерүү жүргүзгөн.

Ага ылайык, кызматкерлер кирешеси тууралуу толук эмес жана туура эмес маалыматтарды бергени ачыкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 15 прокуратура кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 11 кызматкери жана бир нече жергиликтүү жетекчилер, кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды.

Кирешесин жашырган тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери:

Стамбул шаарындагы башкы консул;

Стамбул шаарындагы вице-консул;

Стамбул шаарындагы вице-консул;

Стамбул шаарындагы консул;

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигинин кеңешчиси;

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигинин үчүнчү катчысы;

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигинин башкы адиси;

Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кеңешчиси;

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кеңешчиси;

Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы;

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугунун башкы консулу.

Мындан сырткары Баткен шаарынын мэри, Кадамжай районунун акими жана Өзгөн районун мурдагы башчысы, борбордук шайлоо комиссиясынын бир нече райондордогу атайын өкүлдөрү да жылдык кирешесин жашырган.

Ошондой эле прокуратуранын 15 кызматкери да бар.

Кирешесин жашырган кызматкерлердин тизмеси бул сайтта жайгаштырылган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика