Билим берүү министрлиги президент бөлгөн акчаны 14 мекемеге бөлүштүрдү

Билим берүү минситрлиги президенттик фонддон бөлүнгөн 2,5 млн сомду атайын адистештирилген 14 социалдык мекемеге бөлүп берди. Алар муктаждыктарына жараша каражат алышты. 

Бул тууралуу “Калыс Медиага” мекеменин адиси Салтанат Омурканова билдирди.

Ал белгилегендей, өткөн жумада соцобъектилердин жетекчилери муктаждыктарын маалымдаган билдирме беришкен. Ошонун негизинде акча бөлүштүрүлгөн.

Бөлүнгөн тыйынга ашкана эмеректери, шейшептер, мештер жана азык- түлүк сактоочу муздаткычтарга окшогон кем-каржыларын толукташат. Нарын жана Ысык-Көлгө акча которулган жок. Аларда муктаждык күч эмес. Калган облустардын казынасына каражат түштү”, -дейт Омурканова.

Министрлик белгилүү сумманы бир гана Талас облусундагы атайын жардамчы мектеп- интернатына которду. Мекеме 300 миң сомго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташучу кичиавтобус сатып алат.

3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүнө карата президенттик фонддон 5 млн сом ажыратылган. Анын тең жарымы Социалдык өнүгүү министрлигине, калган бөлүгү Билим берүү министрлигине берилген.

Соцөнүгүү министрлиги каражатты кайда сарптады? Бул жактан карасаңыз болот:

Соцөнүгүү министрлиги президент берген 2,5 млн сомду кайда иштетти?

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика