Бокоев бир-эки сөздү өзгөрткөн мыйзам долбоорлору үчүн өкмөттү сындады

Депутат Кенжебек Бокоев улам эле эки сөз же бир сүйлөмдү алмашыруу үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан өкмөттү сынга алды. 

Ал мыйзамдардагы карама-каршылыкты жоюп, документтерди шайкештөөгө багытталган ушундай өзгөртүүлөрдү Юстиция министрлиги бир пакет менен эле Жогорку Кеңешке киргизсе болот деген оюн айтты.

Эл өкүлү өкмөт концептуалдуу мыйзам долбоорлорун алып чыгышы керек деп кошумчалады.

Жогорку Кеңеш мыйзамдардагы карама-каршылыктарды шайкеш келтирүүгө багттылган мыйзам долбоорлорун тынбай карайт. Бүгүн да парламент Соцфонд жана репродуктивдик саламаттык боюнча ушундай эки документке добуш берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика