Чаткалдыктар бийликке төрт талап койду

Ушул тапта Чаткалда жүздөй адам чогулуп турат. Бүгүн жогорку бийликтен өкүл – ички иштер министри келерин күтүп жатышканын “Калыс Медиага” жергиликтүү тургун билдирди.

Нааразы топ бийликке төрт талабын койду:

  1. Атайын полктун айылда жүргөн 400дөй кызматкери чыгып кетсин.
  2. Камалган 15 бала бошотулсун.
  3. “Эти бакыр Терексай” кенин иштеткен түрк компаниясы кетсин.
  4. Кенди жана ишкананы кайтарууга күзөтчүлөрдүн катарына бирден айыл тургундары кошулсун.

Жергиликтүү тургун эл күн сайын эртеден кечке көчөдө жүрүп, кеч гана үйлөрүнө кайтып жатканын, боз үй тигүүгө милиция уруксат бербей койгонун кошумчалады.

  • Тургундардын айтымында, 5-ноябрда Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” алтын кениндеги күзөтчүлөр – “Шумкар” атайын полкунун кызматкерлери малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салган. Келтектелген бала досторун чогултуп барып, кайра формачандарды уруп салышат.
  • 2-декабрда милиция окуя боюнча Терек-Сай айылынын 15 тургунун тергөөгө алып кеткен.
  • Ошондон бер жергиликтүү тургундар күн сайын чогулуп, балдарды бошотууну талап кылып келет.
  • Милиция аймакта абал туруктуу экенин, эл менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика