Чыңгыз Айдарбеков өзүнө кеңешчи дайындады

Алмазбек Асанбаев Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун кеңешчиси болуп дайындалды.  

ТИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, жаңы кеңешчи чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Алмазбек Асанбев буга чейин Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештер менен иштешүү кеңеши түзгөн. Кеңештин максаты чет өлкөдө окуп, иштеп жаткан мекендештер менен мамилени бекемдөө. Алар аркылуу инвестиция салууну, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууну жакшыртуу болуп саналат.

Ал милдетти жүзөгө ашыруу, координациялоо Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика