Дагы канча жүзүңөр бар? 180 градуска бурулган депутаттар

Кыргызстандагы саясатчылардын арасында кырдаалга жараша пикирин өзгөртүп, ыңгайлуу тарапка өтө качкандары толтура. Мындайларды “хамелеон” деп койсо да болот.

Айрыкча бийлик алмашкандан кийин “хамелеондор” уятты, намысты жыйыштырып, кошоматчы функциясын ишке салышты. Сиздерге бир нече жүздүү саясатчылардын айрымдарынын мурда жана азыр айткан пикирлерин эске салабыз.

Адегенде учурунда бизди таптап, бышырдыңыз деп Атамбаевди мактап колтугуна кирген Бакыт Төрөбаев кечээ сахнага чыгып, экинчи жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Анын билдирүүсүн социалдык тармак колдонуучулары талкууга алып, таң калып отурган чагы.

Туруктуу деп эсептелген Атамбаевдин эң жакын адамы Иса Өмүркуловдун да бир нече жүзү бар экенин билинип калды. Партиялаштары аны КСДПдан чыгарары менен дароо кожоюнун тиштей баштады.

Баарынан да атамекенчи Сайдулла Нышановдун пикири күйбөгөн жериңди күл кылат. Убагында Нышановдун партиясын Атамбаев “сасык” деген. Ага карабай былтыр Атамбаевге “Кыргызстандын баатыры” деген наамын бериш керек деп кошоматтанып жүргөн Нышанов экс-ажонун туулган күнүндө куттуктабай, жадагалса, смс да жазбайм деген жайы бар.

Мындай эл өкүлдөрүн кошоматчы дебеске арга жок. Бул депутаттарга добуш бергендер азыр эки жүздүүлүгүн көрүп, иренжип турган болушу керек. Биз эки жүздүү чиновниктердин кылыктарын мындан кийин да факт менен жарыялап турабыз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика