Ишкерлерден акча алып жаткан көзөмөл бекеттин кызматкерлери кармалды. Видео

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы «Чалдыбар» салмак көзөмөл өткөрмө бекетинин кызмат адамдары ишкерлерден акча талап кылганын аныктады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, аталган кызмат Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте Чүй облусунун Панфилов районундагы “Чалдыбар” салмак көзөмөл бекетинде ишкерлерди опузалап акча талап кылып жатканын жеринде аныктаган.

“Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдүн тескөөчүсү жана “Чалдыбар” салмак көлөмдүк көзөмөлдүн улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан.

Ага ылайык, чогултулган материалдар боюнча Чүй облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” “опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика