Москвадагы университетте Айтматов борбору ачылды

Орусиянын борборундагы Эл достугу университетинде Чынгыз Айтматов борбору ачылды. Ачылыш аземине кыргыз диаспорасынын жана элчиликтин өкүлдөрү катышты.

Борбордун ичин жасалгалаган сүрөтчү Асатилла Тешебаев дизайнга кыргыздардын улуттук каада-салтына айкалыштырганын айтат.

“Айтматовдун чыгармаларынын бардыгын бириктирип, улуттук колорит менен чыгардык”, – деди Тешебаев.

Айтматов борбору 100 адамга ылайыкталган, ичинде жазуучунун чыгармалары, улуттук буюмдар коюлган. Ал жерде Орусиядагы кыргыз диаспорасы да өз иш чараларын өткөзө алат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика