Ош: өрттөн бир туугандар каза болду

Ош шаарынын эки тургуну өрттүн кесепетинен улам набыт болгонун Өзгөчө кырдаалдар мниистрлигинен кабарлашты.

Тилсиз жоо бүгүн, 5-декабрь күнү эрте менен Ош шаарындагы Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн катталган. Саат 09:11де ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, 23 мүнөт ичинде жалын толугу менен өчүрүлгөн.

Үйдөгү 1961-жылы жана 1971-жылы туулган эки эркек адам – ага-инилер түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика