Жаңы жылда канча күн эс алабыз? Министрлик жаңы долбоор сунуштады

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн катары менен эс алат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, мурдагы сунушта 30-31-декабрь жана 1-2-январь күндөрү жумуш күндөрү болбойт.

Министрликтин 2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча токтомуна ылайык, 1-январдан 7-январга чейин эс алуу болот.

Мындан сырткары 9, 10, 11 жана 12-май күндөрү эс алуу сунушталган.

Түшүндүрмөгө ылайык, эс алуу күнү 25-февраль (23-февраль майрам болгондуктан) 2-январдагы иш күнгө; 8-апрель эс алуу күнү 3-январдагы иш күнгө жылат. 2-сентябрь эс алуу күнү 4-январдагы иш күнгө которулса, 6-май эс алуу күнү 10-майдагы иш күнгө жылат.

Долбоор өкмөттүн расмий сайтына коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика