$520 миң. Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары А.Ж. пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Ага ылайык, министрдин орун басары жолдорду куруу жана оңдоо боюнча өткөн тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган.

Ал аталган тендердик комиссиянын төрагасы кызматын аткарып турган.

Шектүү жаран чет элдик компанияга тендерди анын пайдасына чечип берүү үчүн 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Анын 120 миңин буга чейин ортомчулардын жардамы менен компаниянын өкүлдөрүнөн алган. Калган сумманы эми алмак.

Чиновник кезектеги 50 миң долларды алып жатканда колго түштү.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иликтөө иштери жүрүп жатат.

А.Ж. инициалынан транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев экенин билүүгө болот.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика