Ак-Суунун башкы “маичиси” жаш жигитти өлтүрө сүзүп качып кеткен деп кармалды

Ак-Суу РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы унаасы менен жаш жигиттти өлтүрө сүзгөн деп кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Жол кырсыгы 2-декабрдан 3үнө караган түнү Торугарт-Бишкек жолунда жүз берген. Саат экилер чамасында күмүш түстүү унаа 18 жаштагы С.Б.ны сүзүп кетип, токтобой из жашырган. Жигит ошол жерде жан берген.

Маркум жүрбөй калган унаасын түртүп жаткан учурда кырсыктаганы кийин белгилүү болду.

Башында окуяга 63 жаштагы ысыкаталык айдоочу шектелип жаткан, бөлүм башчынын изине милиция кийин гана чыкты.

Кармалган Ак-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы кылмышты мойнуна алды.

Окуя боюнча тергөө амалдары уланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика