Алты жылдан бери ишке ашпай келген «Ачык асман» долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңештин депутаттары “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алды.

Парламентин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышкан 108 депутаттын баары тең «макул» деп жооп беришкен.

Мыйзам долбоорундагы эмки кадам президенттин кол коюусунда калды.

Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт. Башкача айтканда, бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.

Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев мыйзам долбоору кабыл алынса, департамент жаңы тартип менен иштөөгө даяр экендигин айткан. Ал билдиргендей, тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, бардык эл аралык авиациялык уюмдарга билдирүү жасалат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Абдывахап Нурбаевдин айтымында, бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк жаралат.

«Ошондой эле авиакаттамдагы жол кире акысы арзандайт. Бул биринчи кезекте эл үчүн өзгөчө зарыл. Авиапарктагы учактар 27- 28 жылдан бери колдонулуп келе жаткандыгы опурталдуу. Башка мамлекеттерде өндүрүштөн чыкканына 7 жылдан ашпаган учактар пайдаланылат»,-деди Нурбаев.

Жарандык авиация агенттигинин берген маалыматына ылайык, учурда “Эйр Манас”, “Авиатрафик”, “Тез жет” авиакомпаниялары иштейт. Учууга жарактуу 17 учагы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of