Бактыгүл Жээнбаева каржы министри болот

Каржы министрлигин башкарууга Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерелиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Президент чет өлкөдөгү иш сапарынан келгенде тиешелүү буйрукка кол коюшу күтүлүүдө.

Жээнбаева ушул жылдын июль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Ага чейин бир катар коммерциялык банктарда, Улуттук банкта жетекчилик кызматтарда иштеген.

Финансы министри Адылбек Касымалиевдин отставкасы жөнүндө буйрукка Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон.

Ал 2015-жылдан бери финансы министри болуп иштеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика