Чаткалдагы чатактын чоо-жайын ИИМдин орун басары айтып берди

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеӊеште Терек-Сай участкасында болгон чуулгандуу окуя боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Асановдун айымында, ал жерге ИИМдин «Шумкар» тобунан жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган 2 пост уюштурулган. Жергиликтүү бир тургун корголгон аймакка уруксатсыз кирип кетип, посттогу кызматкерлер тарабынан кармалган.

«Ал адамга түшүндүрүү чаралары жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген. Ал айылына барып, 15 адам менен кайтып келип, милиция кызматкерлерин сабаган. Анын натыйжасында «Шумкар» тобунун 3 мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланууда. Ушу тапта ошол окуяга байланыштуу 16 адам кармалды. Соттун 6 адамды 9 айга, 9 адамды 6 айга чейин камакка алуу чечими чыкты», – деди Курсан Асанов.

2-декабрь күнү Терек-Сайда 15 адамдын бошотулушун талап кылып кендеги жумушчулар митингге чыгышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of