Эчки дыйкандын жер алам деген 20 миң евросун жеп салды

Сербиядагы Ранилович деген кыштакта эчки 20 миң евро акчаны жеп салды. Болгон тыйынан айрылган кожоюн бир чекитти тиктеп, телмирген бойдон отурат. 

Милена Симич менен күйөөсү 10 гектар жер сатып алабыз  деп акча топтогон. Белка лакап атуу эчки ачык калган эшиктен үйгө кирип, стол үстүндөгү акчаны таап алган.

“Биз шуулдаган дабышты угуп калдык, күйөөм караганы барып, жүрөгү кармап кала жаздады. Белка акчанын баарын жеп салыптыр, 300 евро гана калган”, – дейт аял. 

Анын айтымында, күйөөсү ошондон бери бир чекитти тиктеп, телмирген бойдон отурат.

А акчаны жеп салган эчки кандай жазаланды? Аны союп, бышырып жеп коюшту.

2017-жылы Индияда эчки кожоюну кыш сатып алам деген акчасын жеп салган эле.

 

Достор, эчкиден этият болгула 🙂

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика