Француз аял бакма кызынын Кыргызстандагы туугандарын издейт

Кыргызстандык ымыркайды багып алган Франциянын жараны кызынын туугандарын издеп жатат. 

Социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков бул тууралуу Фейсбукка кайрылуу жазды.

Франциялык аял багып алган кыздын энеси – 1974-жылы 24-августта төрөлгөн Ширманай Осмонова. Ал Орусияда 2007-жылы төрөт учурунда көз жумат. Кызы аман-эсен торолуп, аны Москвадагы балдар үйүнөн француз аял багып алган.

Ошондогу ымыркай азыр 11 жашта. Бакма апасы кызын туугандары менен тааныштырып-байланыштырууну каалайт.

Ширманай Осмонованы тааныгандар болсо, Дайырбек Орунбековго кабарлап койсо болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика