Хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине сунушталды

Мамбет Мамакеев 30 миң операция жасаганы үчүн Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн. 

Бул тууралуу журналист Элнура Кулуева Фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты.

Соцтармактын колдонуучулары да бул сунушту колдоп, каалоо-тилектерин жазып жатышат.

Гиннестин рекорддор китебине Мамбет Мамакеев 3 номинация боюнча сунушталып жатат. Элнура Кулуеванын айтымында табыштаманы кароо  жаз айларында башталат.

Академик, даңазалуу хирург, миңдеген бейтаптарга жардам берген Мамбет Мамакеевдин 65 жылдык иш тажрыйбасы бар.

Сүрөт: Спутник


Кыргыздын дагы бир рекордмен медиги, уникалдуу операцияларды жасаган Сабырбек Жумабеков тууралуу кызыктуу макалага баш багыңыз. Кызык бир окуя – ортопед бакетболчу кызды сүйүп калган жигиттин боюн узартып берген. Анан тиги жигит антип-мынтип өзүнө келгенче эмне болуптур дебейсизби? Шилтемени басыңыз:

+31 сантиметр: Сабырбек Жумабековдун өзгөчө операциялары

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика