Ильзат Ахметов Орусиянын эң мыкты жаш оюнчусу болду

Москванын “ЦСКА” клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов Орусиянын 2018-жылдагы эң мыкты жаш футболчусу наамына татыды.

Добуш берүүдө ал 202 упай топтогон. Экинчи орундагы “ЦСКАнын” дагы бир оюнчусу Иван Обляков 177 упай алган.

Жеңүүчү добуш берүү аркылуу аныкталган. Ага Орусия чемпионатындагы клубдардын жетекчилери жана башкы машыктыруучулары, жаштар жана өспүрүмдөр командаларынын машыктыруучулары, Орусия футбол союзунун жетекчилери жана журналисттер добуш беришет.

  • Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Өспүрүм кезинде “Алга” командасында ойногон. Бирок үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетип, азыр Орусиянын улуттук курама командасына чакырылган.
  • “Биринчи бештик” сыйлыгы 2002-жылдан тарта берилип келет. Талапкердин жашы 21ден ашпашы жана Орусия жарандыгы болушу шарт.
  • 2017-жылы эң мыкты жаш оюнчу “ЦСКА” командасынын чабуулчусу Фёдор Чалов болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика