Капталдап же чалкалап. Кандай уктасак денеге пайда?

Кандай жатып уктаган пайдалуу? Кээде аркаңыз ооруп, денеңиз тартышып калабы? Көзүңүздүн нуру кетет. Мындайда күндөгүдөй эмес, башкача ыкмада жатып уктап көрүңүз. Себеби, жакшы эс албаса, бул сөзсүз адамдын сырткы келбетине таасир кылат жана өзүн ыңгайсыз сезе берет.  

Кытай медицинасы адам бир кырынан жатып уктаса, пайдасы чоң экендигин далилдеген. Оңго кынтайып жатсаңыз, тамак сиңирүү жакшырат, а сол тарап нерв системасын эсл алдырат.

Кээде “көмкөрөңөн жатпа, бетиңи жогору каратып уктаба” деп коюшат. Бирок окумуштуулар буга көп кошула бербейт.

Алардын айтымында,  чалкасынан  жатуунун пайдасы көп. Мында моюн менен бел эркин жайгашып, кол менен бут эс алат. Анан да ал жүрөк тамырларын, дем алуу жана тамак сиңирүүчү органдарды жакшыртат.

Кан басымы жогору адамдар жаздыкты бийик коюп, чалкасынан жатып уктаганы жакшы. Чалкалап уктоо жаш көрүнүүдө да чоң роль ойнойт. Анткени чалкасынан жатып уктаган адамдын бетиндеги булчуң эттери бошоп, териси жазылат. А эгер көмкөрөңүздөн жатууну адат кылсаңыз, бетке тырыш тез түшүшү мүмкүн. Мындай ыкмада көбүнчө курсагыңыз ач турган учурда жатуу керек. Тое тамак жеп, анан көмкөрөсүнөн уйкуга кетүү гастритке алып келет.

Кырынан жаткан адам коңурук тартпайт экен. Сол жак ныптасы менен уктоо өпкөсү ооруп жүргөндөргө пайдалуу. Ашказаны ооругандар да дал ушул тарабы менен жатканы дурус.

А сиз кандай уктайсыз? Кеп-кеңешиңиз болсо, комментарийге калтырыңыз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика