Кара-Суудагы жол кырсыгынан эки адам каза болду Сүрөт

Кара-Суу районунун Каратай айылында токтоп тургун жүк ташуучу унааны “Тойота Авенсис” каттуу ылдамдыкта келип сүзүп алган. Кесепетинде жеңил унаанын ичиндеги эки адам каза болгон. Алардын бири Кытай жараны. Дагы үч жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Кара-Суу райондук ЖКККсынан билдиришти.

Кытай жараны 1967-жылы туулган Л.Ж. алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Ооруканада жаткан жарандардын аты-жөнү аныкталды:

– А.Б., 1988-жылы туулган, Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылы, реанимацияда жатат;
– А.К., 1965-жылы туулган, Алай районунун Нура айылынын тургуну, реанимацияда жатат;
– А.М., 1990-жылы туулган, реанимацияда жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика