Маркум аялдын жатынын салдырган эне кыз төрөдү

Бразилияда маркум аялдын жатынын салдырган келин төрөдү. Жарыкка келген кыздын саламаттыгы жакшы. Бул репродуктивдик медицинадагы чоң секирик дешет дарыгерлер.

Жатынды салуу боюнча 10 саатка созулган операция 2016-жылы Сан-Паулуда болгон. Маалымат бирок эми гана тарады.

Бирөөнүн жатынын салдырып төрөгөн аял 32 жашта. Ал тубаса жатын оорусу менен төрөлгөн. Келинге мээсине кан куюлуп жан берген үч балалуу аял донор болду. Ал өлгөнгө чейин дене-боюн илимге калтыруу боюнча керээзин жазып берген эле.

Жатын салынгандан жарым жыл өткөндө келиндин айыз цикли калыбына келген. Дагы жарым жылдан кийин жасалма бойго бүтүрүү – ЭКО жасалган.

Кош бойлуулук жакшы өтүп, 2017-жылдын 15-декабрында 2,5 кг салмакта дени сак кыз төрөлдү.

“Тирүү донорлордун жатынын салуу медицинадагы чоң секирик болгон. Бирок андай донорлор чанда болуп, адатта жакын туугандар же достор гана жатынын берүүгө макул болчу”, – дейт Сан-Паулудагы оорукананын дарыгери  Дани Айзенберг.

Медицина тарыхында жатынды салуу боюнча 39 учур катталган, бирок мында тирүү донорлор, анын ичинде кызына жатынын берген энелер болгон. Ушундай операциялардын жыйынтыгында 11 бала төрөлгөн.

Булак: Бибиси орус кызматы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of