Масалиев Терек-Сай кени боюнча жергиликтүү референдум өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңеш Чаткалдын Терек-Сай кениндеги чыр боюнча маселени карап жатат. Көпчүлүк депутаттар атайын комиссия түзүлүп, Чаткалга барыш керек деген сунушту айтып чыгышты.

Депутат Исхак Масалиев референдум өткөрүү зарылчылыгы бар экенин белгиледи. Ал мамлекеттик органдын кызматкерлери жеке менчик жайда эмне кылып жүрүшкөнүнө кызыкты.

Кенде чыккан чыр боюнча видеону баарыбыз көрдүк. Милицияларга кол көтөрүштү. Эмне үчүн бир милицияны сабап жатканда калган үчөө жардамга келбеди, алар качып кеттиби? Кендин постунда жеке күзөтчүлөр коюлуптур. Милициялардын ал жерде эмне кылып жүргөнү кызыктырып жатат, жөндөн-жөн эле таяк жешти. Бул аябай өкүндүргөн окуя”, –дейт Масалиев.

ИИМдин орун басары Курсан Асанов кенде буга чейин да бир нече мыйзам бузган фактылар катталганын, айрымдарынын иши сотко ашканын айтты.

Ал депутаттын суроосуна: “Мамлекеттик деңгээлдеги өндүрүштү коргоо мамлекеттин ички тартибине кирет”,- деп жоо берди.

Асановдун айымында, ал жерге ИИМдин «Шумкар» тобунан жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган 2 пост уюштурулган. Жергиликтүү бир тургун корголгон аймакка уруксатсыз кирип кетип, посттогу кызматкерлер тарабынан кармалган.

Исхак Масалиев окуяга жергиликтүү чиновниктердин түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт.

“Алар баарынан кабардар болуп туруш керек. Келгиле, кенди иштетүү же токтотуп коюу боюнча жергиликтүү референдум өткөрөлү”, – деген сунушун берди.

  • Жергиликтүү элдин айтымында, 5-ноябрда Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын күзөтчүлөрү малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салган. Келтектелген бала өзүнүн досторун чогултуп барып, кайра экинчи тарапты уруп салышат.
  • Бул окуя боюнча 2-декабарда 15 баланы милиция кармап кеткен,  кийин алардын баш коргоо чарасы аныкталып, бир жана эки аяга абакта калтырылды.
  • Жергиликтүү тургундар күн сайын чогулуп, балдарды бошотууну талап кылып келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика