Момбеков: бүтүн эмес, түтүн Бишкек болуп калды. Видео

Бишкек шаарын кара түтүн каптап, шаардыктар таза абага муктаж болуп турат. Маселени караган бийлик жок. Бүтүн эмес, түтүн Бишкек болуп калды.

Мындай пикирин Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирип, өкмөт өкүлдөрүн маселени чечүүгө көнүл бурууну талап калды.

Эскерте кетсек, кыш келери менен Бишкектин үстүн каптаган кара түтүн пайда болгон. Экологдор абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын көлөмү тиешелүү нормадан өтө жогору экенин айтып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика