Нарын облусунда жер силкинди

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер акадмиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 6-декабрь күнү саат 11:05те болуп, күчү очогунда 4,5 баллга жеткен. 

Жердин силкиниши Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Күн мурун Ысык-Көл облусунда да жер титирегени кабарланган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика