Ноокендин тургуну киши колдуу болду

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Маасы айылында 1967-жылы төрөлгөн эркек кишинин сөөгү табылды. Ал киши колдуу болгонун жергиликтүү тургун “Калыс Медиага” билдирди.

Маалыматты Жалал-Абад ОИИБси тастыктады.

Окуя бүгүн болгон. Саат 13:00 чамасында Илхомжан Разакуловдун жансыз денеси өзүнүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган.

Учурда бул окуяны райондук милиция териштирип жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика