Шамалды-Сайдагы мектеп 28 жылдан бери курулуп бүтө элек

Ноокен районунун Шамалды-Сай айылындагы мектептин курулушу 28 жылдан бери бүтө элек. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында №26 Анаркулов мектебинин курулушунун сметалык баасы 46 млн сом деп бекителген. Бирок каражаттын тартыштыгынан ушул күнгө чейин бүтпөй келет.

“Мектептеги 890 окуучу эки сменада окуйт. Калган батпаган 350дөн ашык окуучу 5 чакырым алыстыктагы мектепке барууга туура келет экен. Айрымдары маданият үйүндө, дүкөндөрдө билим алып жатышат”,-дейт эл өкүлү.

Мектептин курулушуна соңку жылдары каражат бөлүнүп иш жандана баштаган. 2014-жылы 14 млн, 2015-жылы 5 млн, 2017-жылы 10 млн, 2018-жылы 10 млн сом бөлүнгөн.

Таалайбек Масабиров өкмөт өкүлүнөн 2019-жылга 70 пайыз бүткөн мектептердин капиталдык салымдарына киргизип коюуну суранды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика