“Терек-Сай” кенинде иштин токтошу боюнча түрк ишканасы билдирүү таратты

«Эти Бакыр Терексай» кенин иштеткен компаниянын директору Махир Тезджан өндүрүш токтогонуна байланыштуу билдирүү таратты. Ал жумуш канчан жанданары белгисиз экенин айтууда. 

Терек-Сайда 15 адамдын кармалышынан улам кендеги жумушчулар 2-декабрда митингге чыгышкан.

“Узак жылдар бою «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын лицензияланган аянтынан сурьма кенин мыйзамсыз түрдө казып алып жүрүшкөн адамдардын тобу учурдан пайдаланып, компаниянын жумушчуларын жумушка чыкпоого үгүттөгөн. Бүгүнкү күндө түзүлгөн чагымдын айынан «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын жумушчулары өздөрүнүн жумуш ордуларын ташташып, жумушка чыкпай жатышат”, – дейт Тезджан. 

Анын айтымында, кырдаалга байланыштуу жабдуулардын жарактан чыгып калбашы үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду.

Махир Тезджан кенди иштетүүдөн мамлекет көрүп жаткан пайданы да санап өттү.

“Компания социалдык багытта болуп, иштеп баштагандан бери райондун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келген. Азыркы күндө «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК ишканасында 350дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон, анын ичинен 96%ы жергиликтүү жашоочулар. Орточо эмгек акы 22,5 миң сомду түзөт. Компания 2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын бюджетине 750 млн сомдон ашык салык төктү”, – деди ал. 

  • Жергиликтүү элдин айтымында, 5-ноябрда Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын күзөтчүлөрү малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салган. Келтектелген бала өзүнүн досторун чогултуп барып, кайра экинчи тарапты уруп салышат.
  • Бул окуя боюнча 2-декабарда 15 баланы милиция кармап кеткен,  кийин алардын баш коргоо чарасы аныкталып, бир жана эки аяга абакта калтырылды.
  • Жергиликтүү тургундар күн сайын чогулуп, балдарды бошотууну, ошондой эле кенди иштеткен түрк компаниясынын чыгып кетишин талап кылып келет.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика