WhatsApp`та жөлөкпул берилет деген жалган маалымат тарап жатат

5-декабрдын кечинен тарта WhatsApp`та Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги 70 миң сомдон жөлөк пул берип жатканы тууралуу жалган маалымат тарай баштады. 

Билдирүүдө бул акча 1991-2018-жылдар аралыгында иштегендерге берилери айтылган.

Соцөнүгүү министрлиги маалымат жалган экенин айтып, соцтармактарга таратууну токтонууну суранды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика