Ысык-Көлдө жер силкинди

5-декабрь күнү саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдиргендей, жердин силкинүү күчү эки очогунда 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика