Жээнбеков Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө жетекчиси Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

7-декабрда президент Жээнбеков Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика