12 жашар кыздын китеби жарык көрдү

Ош шаарындагы “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин 6-классынын окуучусу Айнагүл Кенжебаеванын “Аруу таң” ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Лицейдин директору Мелисбек Музулманов билдиргендей, окуучунун китеби чыкканына байланыштуу  поэзия кечеси уюштурулду.

“Айнагүл кичинесинен эле ырга шыктуу келип, ырларды жазып жүрөт. Чыгармачылыгын өркүндөтүп, акындардан да сабак алат. Бул кезге чейин, жазган ырларынын, аңгемелеринин негизинде китеп кылып чыгарып, поэзия кечесин уюштуруп бердик. Ага акындар, чыгармачыл инсандар келип, жакшы бааасын беришти”, – деди Музулманов.

Китепте ар кандай ырлар, аңгемелер, жаш балдарга ылайыкташкан жомоктор камтылган.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика