“Глобус” тармагынын эң чоң соода борбору Ошто ачылды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында “Глобус” ири соода борбору ачылды.

Ош шаарынын мэри мындай соода борборлорунун ачылышы экономикалык өсүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

«Шаардын инфраструктурасын жакшыртууда, социалдык экономикалык жактан өнүгүшүндө жеке ишкерлердин салымы чоң. Ошондуктан Ош шаарынын мэриясы бизнес чөйрөнү жакшыртуу үчүн, кичи жана орто бизнести колдоп, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн аркетиндебиз»,-деди Сарыбашов.

Соода борбордо 150 адам иштейт. Негизги өзгөчөлүгү өзүнүн өндүрүштүк тармагы бар. Ал жерде нан азыктарын, шириндиктерди, тамак-аштарды, жарым жартылай даяр азыктарды өндүрө алат. Оштогу борбор Кыргызстан боюнча  “Глобус” маркеттеринин ичинен оң чоңу экендигин айтылды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика