Касымалиева: Чаткалдагы кырдаал боюнча жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги каралбай жатат

Чаткалдагы кырдаал боюнча Өкмөт бир да жолу басып барбаганын, аким менен губернатордун жоопкерчилиги каралбай жатканын депутат Аида Касымалиева катуу сындады. Ал депутаттык комиссия жерине барып, абалды толугу менен угушу керектигин айтып жатат.

Күн мурун Жогорку Кеңеш Чаткалдагы Терек-Сай кениндеги чырдын келип чыгышы боюнча маселени караган. Депутаттар бийлик кош көңүл мамиле жасап жатканын сындашты.

Аида Касымалиева ИИМдин орун басары Курсан Асановдун: “балдар камалды, абал толук көзөмөлдө”, -деген жообуна канааттанган жок. Чаткалга жайында бир нече депутаттар болуп барганда бул маселе эбак эле ириңдеп турганын көрүп келишкен.

Касымалиева: “Мындай чаралар менен эле Чаткалдагы абалды оңдоп кетиш мүмкүн эмес. Бул мурдатан бышып келе жаткан элдин нааразычылыгы жана ошол эле учурда аким менен губернатордун шалаакылык мамилеси. Алардын эл менен сүйлөшө албагандыгы жана түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыгы болууда.  Жогорку Кеңеште 2 ай мурун Экотехинспекция жана башка тиешелүү органдарга Чаткал боюнча маселе көтөргөнүмдөн кийин текшерүү болдубу, жыйынтыгы кандай?”, – деп суроо салды.

Өкмөт мүчөлөрү ал боюнча иштеп жаткандыктарын айтат.

Ошондой эле Касымалиева Чаткалдагы кырдаалга өкмөт бир да жолу барбаганына нааразы болду.

Чаткалдын эли күн сайын телефон чалышат. Ушул абалга чейин эле келип кетиңиздер, аким биздин сөздү укпай жатат дешчү”, -дейт депутат.

Эл өкүлү белгилегендей, Терек-Сайдагы кен боюнча абал оор.

Өткөн жумада Кубатбек Боронов Чаткалга иш сапары менен барып келген. Касымалиева: “Эгерде вице-премьер-министр баргандан кийин ушундай кырдаал жаралып жатса,  визитинин жыйынтыгы эмне болду? Өкмөткө Чаткалга көңүл буруңуз деп кайрылам”,-дейт.

Депутат Жанар Акаев өкмөттү Чаткалдагы маселе боюнча сынга алганын бул жактан карасаңыз болот:

Жанар Акаев: Өкмөт Чаткалда чогулган элге барбай жатат. Видео

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика