Кубанов: чет өлкөлүк ЖОЖдор расмий уюмдар менен иштешүүгө кызыкдар

Чет өлкөлөрдөгү эл аралык университеттер  Кыргызстандагы студенттерге бюджеттик негизде квота берүүгө даяр. Бул тууралуу «Перспектив» эл аралык билим берүү борборунун  негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов «Жаштар платформасында» билдирди.

Анын айтымында, чет элдик билим берүү тармагы негизинен мамлекет менен тыгыз байланышууга кызыкдар.

«Биз жеке менчик уюм катары бюджеттик квота сураганыбызда, алардын бардыгынын эле жообу бирдей: «Мамлекеттик билим берүү тармагына бере алабыз», – дешет. Ошондуктан билим берүү министрлиги аларга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Ал эми акысыз окууга кетип жаткан жаштарды кайра Кыргызстанга кайтып келип, мамлекет үчүн иштеп берүүгө юридикалык келишим түзгөнгө Билим берүү министрлигинин укугу бар», – деди Кубанов.

Нурсултан Курбанов “XIX кылымдын кадрлары” программасынын алкагында Кытайда билим алган. “Perspective” эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү. Ал 300гө жакын жаштарды чет өлкөгө окууга жөнөткөн.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев демилгелеген “Жаштар платформасы” өтүп жатат. Кыргызстандан жана Орусиядан келген жаштар өкмөткө ар кайсы тармак боюнча реалдуу сунуштарын беришет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика