Кыргызстандын муфтийи Абу-Даби шаарында өтүп жаткан форумга катышууда

Форумда катышуучулар Ислам үммөтүнүн биримдиги, дүйнөлүк баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашууда. 

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан «Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы  бешинчи форумга катышууда.

Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чарага дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн дин аалымдары, серепчилер, конфессия өкүлдөрү келген. Катышуучулар экстремизмдин алдын алуу, тынчтыкты орнотуу жана биргеликте иш алып баруу маселелерин карап жатышат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика