Милан Садыкжан уулу: карындашым мага “жанын” берди

0

Жакында жердешибиз Милан Садыкжан уулу Индияда операция болуп, боорун алмаштырып келди. Илдет менен ал 7 жылдан бери күрөшүп келген. Жан сыздаткан оорусунун айынан барбаган жери калбаганын, оор күндөрү жашоо үчүн кантип күрөшкөнүн биздин редакцияга айтып берди. Ал боорду сактоо, ден соолукка көңүл буруу канчалык маанилүү экенин эске салып, кеп-кеңеши менен бөлүштү. 

Азыркы тапта Милан Баткенде. 

– Милан кандайсыз, Кыргызстанга келгенден бери абалыңыз кандай? Аба ылгадыңызбы?

– Рахмат. Ден соолугум бир аз турукташып калды. Жакшы деп айтканга азыр эрте. Алдыда дагы кичине убакыт бар. Ошондон өтүп алсам, кудай буюрса, баары дурус болот. Врачтар 6 ай режим карма деп эскертишкен. Албетте, азыр деле кыйналып турам. Операция болгон, тиккен жерлер ооруп калат. Чыдашым керек, түзөлөм деп баарына чыдап атам. Мурунку ооруларымдын жанында бул оорулар өтө эле жеңил. Шүгүр кылуу керек. Албетте, аба ылгайт экен. Индиянын абасы жылуу болчу да, бул жак бир аз суук. Келгенден бери тумоолоп жатам.

– Дарыгерлер сакта деген режим көп нерсени чектеп койдубу?

– Медиктер көп жатпа, басып тур, кыймыл жаса дешти. 6 ай жеген тамагымды тергеп турам. Куурулуган тамактардан баш тарт дешти, айрыкча кызартып кууруган эт болбойт. Койдун, жылкынын эти менен өмүр бою достошпойм. 3- 6 ай же өмүр бою иче турган дарылар бар. Негизгиси ошолордун режимин так сакташым керек.

– Үй-бүлөңүз, балдарыңыздын маанайын айтып бериңизчи? Кандай сезимде болуп жатышат?

– Алар азыркыга чейин сүйүнүп, менин айыгып келгениме ишене албай жүрүшөт. “Ата, сиз чындап айыктыңыз ээ, эми башка оорубайсыз”, -деп кызым кайра-кайра сурай берет. Антсе көзүмөн жашым тегеренип кетет. Ата-энемдин, бир туугандарымдын кубанганычы! Мурда менин айыман баары эле санаа тартып, кыжаалат болуп ичкен ашы кайда кеткенин билбей калчу. Кудайга шүгүр, баары калыпка түштү. Мени ойлоно бербей, көчөгө да кеңири басып калышты. Ата-энем мен үчүн эмнелерди гана кылбады, санаа тарткан күндөрүн азыр элестетким келбейт. Ойлоп калам, ошолор бар үчүн кудай бактымы кайра кайтарып берди окшойт. Муңга толгон үйүбүз кубанычка, шаңга, күлкүгө бөлөнүп жатат.

– Операциянын жол жобосу кандай болду? Канча каражат кетти?

– Дарыгерлер барган күнүмдөн тартып бир жума даярдашты. Бүт органдарымы текшерип анализдерди алышты. Баары таза, бир эле боордо оору бар болуп чыкты. Эртең операция дегенде йод сууга жуундуруп, уколдорду куят экен. Эртеси таңга маал саат 8:00дө операцияга кирип, 10 саатта чыктым. Ишенесизби, мен 10 саат ичинде жашоого кайра жаралдым, жаңыдан төрөлгөндөй болдум. Бейтаптар бооруму алмаштырып, жаңы жашоо башташыма негизги себепчи болуп калышты. Операциядан кийин бир жума жандандыруу бөлүмүндө жаттым. 2 күндөн кийин палатага которушту. Биз Индияга барган учурда операциянын баасы бир аз көтөрүлүп кетиптир. Операцияга 33 миң, анан бул жакка келип, түлөө өткөргөнүбүз менен 34 миң доллар кетти. Ушунун баарын кайрымдуу элим топтоп берди. Өзүмүн жаныман бир сом да кошулбады. Элдин колдоосу менен барып, жакшы болуп келдим. Мага жаңыдан жашоо тартуулаган кайрымдуу инсандардын баарына ыраазычылык билдирем. Алар менин жашоомо үмүт беришти, кайра жашасам болот тура деген ишенимди кайтарды.

– Оор дартка чалдыкканыңызды кантип билдиңиз? Биринчи укканда кандай абалда болдуңуз?

– 2012-жылы ооруканадан Геппатиттин В түрү менен ооруйт экенсиң деп аныктап беришкен. Дарыланбагам жерим калбады. Оорум жыл сайын, кийин барып ай сайын күчөй берди. Кыргызстанды түрө кыдырдым. Өзбекстан, Тажикстандын ооруканаларына каттадым. Айлам кетип, элдик табыптарга да барып көрдүм, чөп дарыларды жазып берет, ичем. Биринчи бөйрөгүңө суук өткөн деп эле дарылап жүрүштү да. Быйыл кайрадан УЗИге түшкөнүмдө боор кургап калган, алмаштырыш керек деп диагноз чыгарышты. Ишенбей, силер адашып жатасыңар деп, кайра-кайра аппаратка түшөм десеңиз. Анан жыйынтык ушул болду, Индияда операция болушуң керек дешкенде, элден жардам сурап баштадым.

– Милан, сиз дээрлик өлүм төшөгүндө жаткан жерден эле операцияга кеттиңиз. Ошондогу абалыңызды айта аласызбы?

– Кыйналган учурда оюңа эмнелер гана келбейт. Өтө бир кыйын абалда кеткен болчум, шишип, суу толуп кеткен эле.Тамак жегеним кыйындап калган. Эптеп эле бирдеме жейсиң, ошол да курсакка батпайт, оор келет. Суусундукту аз ичип калат экенсиң. Ал күндөрдү чынын айтсам эстегим келбейт, оор учурду баштан өткөрдүм. Күндөн-күнгө оорлошо бердим, дене-мүчөлөрүм болсо алсыз. Кийин операцияга жетчү сумма топтолуп калды. Жөнөп жатабыз, ошол мүнөттөрдө менде эч качан жакшы боло албайм деген ой же болбосо коркуу сезими болбоптур. Баары бир жакшы болом, жакшы болуп келем деген эле үмүттөр менен баргамын.

– Оор күндөрдө жаныңызда ким турду?

– Мындай ооруну эч кимдин башына салбасын. “Баарыбыз бириксек, бир муштум болобуз”,- деген сөздүн күчүнө ишендим. Оор күндөрү жанымда күнү-түнү дебей бир туугандай болгон байкем Төлөгөн Карабаев турду. Операцияга чейин, андан кийин мени элге алып чыккан, операцияга чейинки иштерими да бүт бүтүргөн ошол киши болду. Индияга барганымда да бүт көзөмөлдөдү. Кыргызстанга келгенге чейин ошол кишинин карамагында болдум.

– Донорду кантип таптыңыз?

– Негизи донор бир тууган иним болмок эле. Элден акча жыйналып бүтүп калганда ооруканага барып бир сыйра текшерүүдөн өтсөк, каныбыз туура келбей калды. Карындашым мен тапшырып көрөйүн деп, экөөбүздүн каныбыз туура келип калды. Бир тууган деген алмашкыс адам тура. Мен донор болом деп ойлонбой айтканда, кубандым, ичимен ыйладым. Мен үчүн жанын бергендей эле болду. Мындай көрүнүштү кичинемде кинолордон көрчү болсом, жашоомдо ошол нерсе орун алды.

– Операциядан кийин Диананын абалы кандай?

– Операциядан кийин эми кандай болот деп чоочуладык эле. Азыр карындашымын абалы өтө жакшы. Индияда жүргөндө эле дурус болчу. Биз да кубанып отурабыз. Дарыгерлер  бир жыл үйдө карагыла дешкен. Тамак-ашты кээде гана режим кармап жейт, болбосо үйдөгүлөр эмне жесе ошону эле ылгабай жей берет. Бир жылдан кийин даярдан, турмушка берели деп тамашалап калабыз. (күлүп)

– Кыргызстанга келгенде аэропорттон кимдер тосуп алышты? Ошол жерде сиз менен көпкө кучакташып, ыйлап турган аял ким эле?

– Аэропортто сагынычыбызды тарататып, мен менен көпкө кучакташып турган адам бул- апам. Мен кетип жатканда ал адам ар кандай ойдо калган болсо керек эле. Кубанганыбыздан экөөбүз тең ыйлап жибердик. Бул, албетте, сүйүнүчтүн жашы болчу. Апам менен кошо бир тууган эжем, досторум, инилерим жана агаларым тосуп алышты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Индиядан Милан ага карындашы менен аман эсен учуп келди! Кудайга шүгүр😢🙏 ____________________________________________________ Буга чейин Милан Садыкжан уулу SUPER.KG порталына жардамга муктаж болуп жатканын айтып кайрылган. Кайрымдуу мекендештердин жардамы менен керектүү суммадагы акча чогулуп Индияга операция жасатуу үчүн учуп кеткен. Ал эми 12-октябрда ага операция жасалган. _ КАТТАЛЫҢЫЗДАР! _ @ISLAM_DINI_KGZ 🇰🇬 @ISLAM_DINI_KGZ 🇰🇬 @ISLAM_DINI_KGZ 🇰🇬 _ Экинчи баракчабыз:↙️ @islam_dini_video _ #АЛЛАХВЕЛИК #исламдини #кыргызстан🇰🇬# #алхамдулиллах#аллахуакбар #субаханаллах #машааллах #МуфтийКР #медина❤️ #кааба #туркия🇹🇷 #аравия #шугур☝️#баарынашугур,

Публикация от ИСЛАМ ДИНИ КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬 (@islam_dini_kgz)

– Жубайыңыз операциядан кийин сиз менен байланыштыбы?

– Ал экөөбүз мен ооруп жүргөн маалда эки жолго түшкөнбүз. Себеби акыркы эки жылда дарыларыма көп акча кетти. Кызым менен балам менде калды. Ооруп турсам да аларды өзүм карап, өзүм бактым. Жумушум бар эле, үй-бүлөмү, ата-энеми, жадагалса, бир туугандарымы бага алгыдай каражат тапчумун. Жумушка кеткенде балдарды ата-энем карачу. Индиядан келгенимден кийин телефон чалчу, бирок мени менен сүйлөшпөйт, балдардан кабар алат. Азыр алыс жакта деп угам.

– Дагы деле дары-дармекке көз карандысызбы?

– Албетте, азыр көзөмөл керек. Операциядан кийин да дарыларды ичип турам. Индиядан келе жатканда 6 айга жетерлик камдай келгем. Кыргызстанда ар жума сайын анализ тапшырып турам. Ар бири 6,5 миң сом. Жакшы болуп калсам, жеңилирек жумушка кирейин деп жатам. Антпесем ата-энеме оор болуп калат, жок дегенде дарыларыма акча чыгып турсун деп жатам.

– Милан, дагы канча убакыт бирөөнүн кароосунда болушуңуз керек?

– Бирөө карап турганы жакшы, үйдөн алыс чыкпайм. Короону тегеренип ары-бери өз алдымча эле жүрүп атам. Операцияны ар ким ар кандай кабылдайт тура. Мен азыр ата-энемин көзөмөлүндөмүн. Себеби дарыларды, тамак-ашты маал-малы менен ичип туруш керек. Алты айдан кийин буюрса, өзүмү-өзүм эптеп калам деп отурам.

– Боорду ар кандай оорулардан сактоо керек экенин сиз түшүнүп жеттиңиз окшойт. Кандай кеңештерди айта аласыз?

– Ооба, башыңан өтпөсө эч нерсенин кадырын билбейт экенсиң. Боорду сакташ үчүн сарык болуудан этият кылыш керек. Геппатиттин В жана С түрлөрүн дарыласа болот. С түрүн толук айыктырып алууга да мүмкүн экен. Ал эми В түрүндө вирустун санын түшүрүп турган таблеткаларды ичип, алдын алса болот. А геппатит В менен Д бириккен жерде сөзсүз боорду алмаштыруу керек болуп калат. Айтаарым: боорго вирус кан аркылуу жуккандыктан, тиш доктурга барганда абайлоо керек экен. “Инструменттериңизди көз алдымда тазалап-жууңуз” деп айтканга толук укугубуз бар. Көпчүлүк ошондой учурда кайдыгер болуп коет. Көчөдөн тамактанганда да өздүк гигиена сакталбай, ар кандай ооруларды жугузат экенсиң. Болушунча үйдө тамактанганга аракет кылыңыздар деп айтаар элем. Кан алмаштырууда да сак бололу. Негизи ооруканаларга кайрылганда шприцке окшогон майда-чүйдө нерселерди өзүң ала келгениң оң экен.

Биз барган учурда операциянын баасы кымбаттап кеткен экен, азыр бир аз арзандады деп уктум. Көп адамдар ортомчулардын колуна түшүп алданып калышат. Операцияга барчулар кайрыла турган болсо, жардам кылып бир аз да болсо арзаныраак сүйлөшүп беребиз. Мен чын жүрөктөн колдоо көрсөтөм, анткени башыман өттү, бардык жол-жоболорун билем. 200 доллар болсо да, жердештерибиздин чөнтөгүндө калса жакшы эмеспи.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Мен жашоодо көп нерсени түшүнүп жеттим. Ден- соолук мени жакшы жакка өзгөрүшүмө тарбиялады. Буюрса, мен сыяктуу ооруган адамдарга жардам берем деп турам. Эмне кылып болсо да, аларга бир көмөк бергим келет. Социалдык тармактарга видеосун же сүрөтүн болсо да жүктөп, элдин көңүлүн бурайын деп жатам. Кыскасы кайрымдуулук жолуна түшөм.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of