Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн акчаны министрлик мекемелерге бөлүштүрүп берди

Президент Сооронбай Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн резервдик фонддон бөлгөн 2,5 миллион сом 10 социалдык стационардык мекемеге бөлүштүрүлүп берилди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бөлүнгөн каражатка мекеме жетекчилери керебет, шкаф, отургуч, стол, диван, ашкана эмеректери, парда сыяктуу буюмдарды алышмакчы.

Каражат төмөнкү мекемелерге бөлүнгөн:

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар турчу Төмөнкү-Серафимовка жатак-үйү;

Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;

Ак-Суу районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;

Токмоктогу психикалык жактан жабыркаган эркектердин №1 социалдык мекемеси;

Токмоктогу психикалык жактан жабыркаган эркектердин №2 социалдык мекемеси;

Кадамжай районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;

Покровка районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;

Беловодск районундагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;

Жалал-Абад шаарындагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;

Сокулук районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борбору.

3-декабрь – майыптар күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков резервдик фондунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигне 2,5 млн. сом, Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 миллион бөлгөн.

Ал эми Билим берүү министрлиги президенттик фонддон бөлүнгөн 2,5 млн сомду атайын адистештирилген 14 социалдык мекемеге бөлүп берген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика