Свердлов райсотунун судьясы иштен убактылуу бошотулду

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Доолотбек Турдукожоев кызматынан убактылуу четтетилди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, ал судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясынын сунушу менен Башкы прокуратуранын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу бошогон.

Турдукожоев 2015-жылдан бери иштеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика