Токтогазиев: Өзбекстанга картошка экспорттолот деп убада берген министрлик жоопко тартылышы керек

Жаз айында «Өзбекстанга картошканы экпорттоону келиштик” деп, ушул жашылчаны өстүрүүнү кеңеш берген тиешелүү министрлик жоопко тартылышы керек. Мындай пикирин «Жашыл чарба» агрохолдингинин директору Тилек Токтогазиев “Жаштар платформасында” билдирди.

Ушул божомолго ишенип, картошка эккен көп дыйкандар азыр чыгымга учурап отурат. Анткени Өзбекстан продукцияны өз аймагына киргизүүдөн баш тартты.

«Азыр картошканы 8 сомдон да сата албай жатышат. Толук кандуу сүйлөшүүнү жүргүзө албай туруп, элге маалымат берген үчүн жооп бериши керек», – деди Токтогазиев.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев демилгелеген “Жаштар платформасы” өтүп жатат. Кыргызстандан жана Орусиядан келген жаштар өкмөткө ар кайсы тармак боюнча реалдуу сунуштарын беришет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика