Жанар Акаевдин демилгеси менен “Жаштар платформасы” өтүп жатат

Ушул тапта Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев демилгелеген “Жаштар платформасы” өтүп жатат. Кыргызстандан жана Орусиядан келген жаштар өкмөткө ар кайсы тармак боюнча реалдуу сунуштарын беришет. 

“Азыр дүйнө тездик менен өзгөрүүдө. Кыргызстанда да жаштар мамлекеттен гана жардам күтүп отурган өнөкөттөн арылды. Ар бирибиз өз алдыбызча жаш мамлекетибизди өргө карай тартууга бар күчүбүздү жумшашыбыз керек экендигин түшүнүп калдык. Ошон үчүн биз биргеликте пайдалуу иш-чараларды уюштуруп, идеяларды талкуулап, реалдуу сунуштардын жана натыйжанын үстүндө иштешибиз керек. Ал үчүн бүгүнкү “Жаштар платформасы” мыкты аянтча болоруна терең ишенем”, – дейт Акаев. 

Бул жолу алты спикер тандалып алынган. Алар акыл миграциясы, чет өлкөгө окуу үчүн гранттык орундарды көбөйтүү, спортту жайылтуу, экологияны жакшыртуу, айыл чарбаны өнүктүрүү жана жаштар саясатын жакшыртуу боюнча сунуштарын берет.

“Жаштар платформасы” быйыл экинчи жолу өтүп жатат.

Жанар Акаевдин айтымында, былтыркы плаформада берилген сунуштардын 50%ы ишке ашты. Максатка толук жетүүгө каржы тартыштыгы тоскоол болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика