Жээнбеков ЕАЭБде тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу маселесин көтөрдү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы биримдиктеги төрт эркиндикти: товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жүрүү эркиндигин жүзөгө ашырууну белгилеген.

«Биз чек аралар аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууну болтурбоо боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары Биримдик жөнүндө дайыма позитивдүү пикирди калыптандырууга тийишпиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал кол коюлган документтер бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө бараандуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу кошулган. Биримдикке Россия, Казакстан ,Беларусия, Армения жана Кыргызстан мүчө.

Бирок, чоң рынокто ата мекендик товарларды экспорттоодо тоскоолдуктар болуп жатканы байма-бай айтылып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика