ИИМ: мигрант аялдын эки жашар уулу аяшенесинин колунан каза болду

иллюстрациялык сүрөт

Аяшенесинин колунда калган мигрант аялдын эки жашар уулу “Эне – баланы коргоо” улуттук борборунда реанимацияда өзүнө келбей каза болду.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ушул жылдын 28-ноябрь күнү саат 9:30дар чамасында Панфилов райондук ооруканасына 2016-жылы туулган бала эс-учун жоготкон абалда келип түшкөндүгү кабарланган. Баланын денесиндеги белгилерден күч колдонулуп, ур-токмокко кабылгандыгы айтылган.

Милиция  иликтөөсүнө ылайык, бала акыркы мезгилде Кайыңды шаарынын тургуну  1986-жылы туулган Э.С.нын үйүндө жашап жаткан.

Э.С. өзү турмушунан ажырашкан, жашы жете элек үч баласы бар. Каза болгон баланын апасы менен Баткен облусунда жашап жүргөндө таанышып калып, катташып жүргөн. Ушул жылдын ноябрь айында баланы буга таштап, иштегени кеткенин көрсөтмө берген.

Анын айтымына караганда, бир нече күн мурун бала эки кабаттуу керебеттен түшүп кеткен. Ошол мезгилде денеси көгөрүп калган. 28-ноябрь күнү үйдө жүрүп ээсин жоготуп койгон. Э.С. тууганын чакырып, ооруканага алып барышкан.

Баланын апасы окуяны угуп Кыргызстанга кайтып келген. Абалы күндөн күнгө начарлай бергендиктен, Бишкек шаардык ооруканага алып келишкен. Ал жерден “Эне-баланы коргоо” борборуна которулган. Дарыгерлердин күчөтүлгөн көзөмөлүнө карабастан, 6-декабрь күнү эрте мененки саат 6:30да өзүнө келбей бала каза болгон.

Баланын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын денесинде бир топ жарааттар бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу акыркы учурда наристени багып жаткан Э.С.га “атайылап денеге залал келтирүү” беренесеи менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү документтер топтолуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика