ОшТВ телеканалынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, 8-декабрда ОшТВ телекомпаниясынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов ОшТВ телеканалынын мамлекеттик саясатты элге жеткирүүдө орду чоң экендигине токтолду.

“Оштогу өнүгүүгө, тынчтыкка, ынтымакка, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө жана улуттар аралык достуктун бекемделишине сиздердин эмгегиңиздер зор. Сиздер коомду алдыга жетелеп, агартуучусуздар. Маданият, дин, саясат, спорт, экономика жана башка ар бир тармакта өз ордунуздар бар. Ар бириниздердин жооптуу иштериниздерге ийгиликтерди каалайм”,-деди шаар жетекчиси.

Ошондой эле, телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата ОшТВ телеканалынын бир катар кызматкерлерине мэриянын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми телеканалга 50 миң сом берилди.

  • ОшТВ  Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылган жеке менчик телекомпания болуп эсептелет. Ал 1993-жылы түзүлгөн. 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин мурунку мэр Мелисбек Мырзакматов аны тартып алганы айтылган. 2014-жылы соттун чечими менен мамлекетке өткөн. Учурда республика боюнча көрсөтүүчү аймактык телеканал.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика