Баткенде аскердик кызмат өтөп жаткан сержант асынып алды

иллюстрация

Бүгүн эрте мененки саат 8:00дө Баткен облусундагы батирлердин биринде Улуттук гвардиянын 23 жаштагы сержантынын асынып алган жансыз денеси табылды. 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ал 1995-жылы Ош облуcунда  туулган, 2017-жылы Ноокат райондук Аскерге катто бөлүмү аркылуу №707 арскердик бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Денеси табылган батирди ижарага алып жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Алдын ала иликтөөлөр боюнча, үй-бүлөсү менен пикир келишпестиктин айынан асынып алышы мүмкүн делген божомолдор айтылууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика