Зилалиев аэропорттон кармалды

24.kg

Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан “Манас” аэропортунан кармалды.

Зилалиев Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалгандыгы айтылууда. Ага Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган эле.

Бирок бул туурасында УКМК үн ката элек.

Зилалиев чуулгандуу окуя боюнча – президенттин инаугурациясы мезгилинде “бомба коюлган” деген жалган маалыматы үчүн үч жылга шартуу соттолгон.

Шартуу соттолгондо өзү жашаган аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика