Аба ырайы: жаан-чачын күтүлбөйт

Бүгүн, 10-декабрда өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Кыргызгидрометтен билдиргендей, абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында +3…+8 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында +5…+10 градуска чейин жылуу болсо, тескерисинче Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болору болжонууда.

Ош шаарында +8…+10 градус жылуу болсо, Бишкекте күндүн табы +5…+7 градуска чейин жогорулайт.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика