Алайда жер титиреди

10-декабрга караган түнү саат 03:11де Алай районунда жер титирегенин Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда 2,5 балл болгон.

Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала берилген маалыматтарга таянып жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.

Декабр айында жер титирөө көбүрөөк катталууда. Буга чейин Нарын, Ысык-Көл облустарында да жер силкинген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика