Атайын эсепке 10 млн. сомго жакын каражат которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 9 миллион 859 миң 923 сом өлчөмүндө акча которду.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  247 миллион 760 миң 861 сомду түздү.

Атайын депозиттик эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн Каржы министрлигинин алдында ачылган.

Атайын эсепке УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги өз тармагындагы коррупциялык иштерден өндүргөн каражатты которушат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика